Бишкекте тойканалардын биринде иш-чаранын алып баруучуларын микрофон менен чапкан Илимбек Исраилов милицияга жеткирилди.
Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Милиция ал Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренесине ылайык административдик камакка алынганын, соттун чечими чыкканга чейин райондук башкармалыктын убактылуу камерасында кармалып турарын кошумчалады.
Ага каршы ресторандын администратору арыз жазган.
25-декабрда социалдык тармактарда бир адам микрофон менен алып баруучу эркек кишини, андан кийин анын жанында турган кызды да чаап жибергени тартылган видео тараган. Коомчулукта иш-чаранын алып баруучуларын чапкан адамды жазага тартуу талабы айтылууда.
Ал Илимбек Исраилов экени белгилүү болду. Илимбек Исраилов бул окуя 22-декабрда болгонун айтып, алып баруучулардан жана коомчулуктан кечирим сурады.
Илимбек (Истамов) Исраилов эки ирет сот жообуна тартылган бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коргоп акцияга чыгып жүргөн. 2020-жылы Октябрь окуясында бийлик алмашкандан кийин бир катар медианы, “Сорос” фондунун жабылышын талап кылган топтун акциясына катышкан. 2022-жылы “Азаттыктын” кеңсесинин алдына келип, милициянын көз алдында журналисттерди ачык коркутуп, опузалаган. Бул боюнча милицияга арыз жазылганы менен, иштин жыйынтыгы ушул күнгө чейин белгисиз.
“Мекенчил” партиясынын тарапкерлери деп атаган адамдар менен быйыл 9-апрелде кармалып, камакка алынышкан. Кийин соттон акталып чыккан. (BTo)