Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

“Азаттыктын” кабарчылары түшүнүк кат жазгандан кийин милиция бөлүмүнөн чыкты

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген “Азаттыктын” кабарчысы Максат Кутманбеков менен оператору Нурлан Бейшебаев түшүнүк кат жазган соң милиция бөлүмүнөн чыкты.  


Журналисттер 23-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагынын (расмий аталышы №21 тергөө изолятору) алдына чогулган камактагылардын жакындарын тартып жаткан маалда милиция кызматкерлери келип, алып кетишкен.


Маалыматка ылайык, укук коргоо кызматкерлери чогулган адамдардын биринен алынган интервьюнун видеосун берүүнү талап кылышкан. Бөлүмгө жеткирилген соң алар ушул эле талабын кайталаган. Адвокаттын кийлигишүүсүнөн кийин журналисттер окуя жөнүндө түшүнүк кат жазып берип, кое берилди.




Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы азырынча комментарий бере элек.


Тергөө абагынын алдына чогулган камактагылардын жакындары Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан абактардагы абал боюнча түшүндүрмө талап кылышты. Он чакты тургун абакта жаткан жакындары сабалганы тууралуу маалымат алышканын, алардын абалына тынчсызданып жатканын билдиришти.


Мунун алдында бир катар басылмалар ЖАКтын жетекчиси алмашканына каршылык иретинде абакта камалган адамдар ачкачылык жарыялаганын жазышкан. 24.kg медиасы камакта жаткандардын жакындарына таянуу менен абакта жаткандардын айрымдары сабалганын, каршылык ошондон кийин башталганын кабарлады.


"Азаттыктын" социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына да абакта жаткандардын жакындары кайрылып, камактагы туугандары сабалганы жөнүндө маалымат алып жатышканын даттанууда жана тактап берүүнү өтүнүүдө.


Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАК) басма сөз кызматы абакта камалган адамдар жапырт ачкачылык кармаганы жана абактагылар сабалганы тууралуу маалыматты төгүндөдү.


Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) төрагасы Аскат Эгембердиев 18-декабрда кызматынан кетип, Министрлер кабинетинин төрагасы анын ордуна Чыңгыз Кожошевди жетекчи кылып дайындаган.


Расмий маалыматка ылайык, Чыңгыз Кожошев 2023-жылдан бери Ош шаарындагы Жаза аткаруу кызматына караштуу №25 (СИЗО-5) мекеменин жетекчиси болуп иштеп келаткан. Ага чейин Ички иштер министрлигинде (УКМК) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) эмгектенген. (ErN)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus