Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жаза аткаруу кызматы абактардагы жагдай тууралуу маалымат берди

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАК) абакта камалган адамдар жапырт ачкачылык кармаганы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Мекеменин басма сөз катчысы “Азаттыкка” берген комментарийинде мындай каңшаар кеп кайдан жана эмне себептен чыгып жатканы белгисиз экенин, жабык жайлар штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.


Мунун алдында бир катар басылмалар ЖАКтын жетекчиси алмашканына каршылык иретинде абакта камалган адамдар ачкачылык жарыялаганын жазышкан.


24.kg медиасы камакта жаткандардын жакындарына таянуу менен абакта жаткандардын айрымдары сабалганын, каршылык ошондон кийин башталганын кабарлады.


"Азаттыктын" социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына да абакта жаткандардын жакындары кайрылып, камактагы туугандары сабалганы жөнүндө маалымат алып жатышканын даттанууда жана тактап берүүнү өтүнүүдө.


Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) төрагасы Аскат Эгембердиев 18-декабрда кызматынан кетип, Министрлер кабинетинин төрагасы анын ордуна Чыңгыз Кожошевди жетекчи кылып дайындаган.


Расмий маалыматка ылайык, Чыңгыз Кожошев 1985-жылы Ош шаарында туулган. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) “юриспруденция” адистигин аяктаган.


2023-жылдан бери Ош шаарындагы Жаза аткаруу кызматына караштуу №25 (СИЗО-5) мекеменин жетекчиси болуп иштеп келаткан. Ага чейин Ички иштер министрлигинде (УКМК) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) эмгектенген. Ал аталган кызматтарда кайсы жылдары иштегени тууралуу так маалымат жок.


2022-жылы Кыргызстандан күч менен чет өлкөгө чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров социалдык тармактардагы баракчаларына Чыңгыз Кожошев буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жан сакчысы да болуп иштегенин жазды. Бул тууралуу ЖАКтын жаңы төрагасы комментарий бере элек.


Кызматтан кеткен Аскат Эгембердиев Жаза аткаруу кызматынын төрагасы болуп 2020-жылдын октябрь айында дайындалган. (ErN)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus