Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Коргоо министрлиги армияда токмок жеген жоокердин абалы туруктуу экенин билдирди

Кыргызстандын Коргоо министрлиги армиядагы чоңсунуу, уруп-сабоодон жабыркаган жоокерлер боюнча суроого жооп берип, уставга туура келбеген фактылар дагы деле кездешерин, бирок ал кеңири жайылбаганын билдирди. Мекеменин катында аскер бөлүктөрүнүн командачылыгы мындай көрүнүштөргө бөгөт коюп келатканы белгиленген. 



"Коргоо министрлигинин жетекчилиги, аскерлердин (күчтөрдүн) кол башчылары, башкаруу органдарынын жетекчилери жана бардык деңгээлдеги командирлер аскердик жамааттын турмушунан мындай терс фактыларды четтетүү боюнча профилактикалык жана алдын алуу иштерин такай жүргүзүп келишет. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 2022-2024-жылдар аралыгында Коргоо министрлигинин аскердик жамаатында жеке адамдын укуктарын бузуу, аскер кызматчыларын шылдыңдоо жана кордоо, казармадагы бейбаштык фактылары толугу менен жоюлгандыгын белгилейбиз", - деп жазылган мекеменин жообунда.



Министрлик жакында Улуттук гвардияда кызмат өтөп жатканда уруп-сабалган Эрик Шаршенбаевдин абалы боюнча суроого жооп берип, жоокердин абалы туруктуу экенин, ага медициналык, моралдык-психологиялык жардам көрсөтүүгө мекеме даяр экенин белгилеген. Мекеменин маалыматына ылайык, жоокерди уруп-сабоого байланыштуу кызматтык териштирүү иштери жүргүзүлүп, материалдар юридикалык баа берип, чечим чыгаруу үчүн Аскер прокуратурасына жөнөтүлгөн.


Министрликтин жоообунда армияга баруу үчүн дартын атайылап жашырган учурлар дагы кездешери да белгиленген. "Армияга баруу үчүн өзүнүн дартын атайылап жашырган учурларды кошпогондо, аскер кызматына дени сак адамдар гана чакырыларын белгилей кетүү керек" - деп белгилейт мекеме. 



Жоокер Шаршенбаев армияга келгенине эки ай боло электе ур-токмокко кабылып, оор абалда ооруканага түшкөнү декабардын башында белгилүү болгон. Анын жакындары армиядагы ыдык көрсөтүүдөн бөйрөгү катуу жабаркап, баса албай жатканын айтышкан. Дарыгерлер жоокердин абалын орточо оор деп баалашкан.  Ал ушул тапта ооруканада жатат. 



Бул окуя аскер бөлүктөрүндө токтобой келаткан өкүмзордук, жаңы баргандарга үстөмдүк кылуу маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды. Кыргыз армиясы уруп-согуу, чоңсунуу жана адам өлүмү менен аяктаган окуялардан арыла элек. (КЕ)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus