Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Президент Жапаров Германиядагы окуядан кийин канцлер Шольцко көңүл айтты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Германиянын түндүк-чыгышындагы Магдебург шаарындагы жарманкеде адам өмүрүн алган окуядан улам кацлер Олаф Щольцко көнүл айтты.



“Германиянын Магдебург шаарында болгон кырсык тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул окуянын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат Жапаровдун  телеграммасында.



Магдебург шаарында Рождество майрамынын алдында уюштурулган жарманкеде автоунаа тебелеп кеткен окуяда беш киши кайтыш болду, арасында тогуз жаштагы бала да бар. 41 киши оор жараат алганын калаанын бийлиги билдирди.




Бийликтин маалыматына караганда, кылмышка шектүү адам жуманын кечинде, жарманке кымгуут жаткан маалда үч мүнөттөй машинесин катуу ылдамдыкта айдап, жолундагы кишилерди тебелеп жатты.



Немис басылмалары ал Сауд Арабияда туулган 50 жаштагы дарыгер экенин, Германияга 2006-жылы биринчи жолу келгенин, 2016-жылы качкын макамын алганын кабарлап жатышат. Маалыматтарга караганда, ал Бернбург ооруканасында психиатр, психотерапевт болуп иштеген. Жергиликтүү медиа анын атын Талеб А. деп жазды. Анын бул кадамга эмне себептен барганы белгисиз. Иликтөө жүрүп жатат.


Немис канцлери Олаф Шольц Магдебургга барып, каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты. Президент Франк-Вальтер Штайнмайер кандуу кол салууну айыптады. АКШ, Улуу Британия, Франция, ЕБ жетекчилиги да көңүл айтуу катын жолдошту.



Сауд Арабия каргашалуу окуяны айыптап, немис элине жана маркумдардын жакындарына тилектештик билдирди.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus