Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкектин жолдорун кардан тазалоого байланыштуу бир нече жетекчиге жаза берилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 20-декабрда жолду кардан тазалоо ишин жетиштүү жүргүзбөгөнү үчүн бир катар жетекчилерге тартиптик жаза берди. 21-декабрда мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, мэрдин орун басары Рамиз Алиевге, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиевге, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Жолдош Чуштуковго, Октябрь районунун участогунун башчысына чара көрүлгөн.


Жунушалиев карды тазалоо иштери шаардын Октябрь районунда чабал жүргөнүн белгилеп, жумушту ыкчам жүргүзүү үчүн башка коммуналдык кызматтардын базасына атайын техникаларды бөлүштүрүүнү тапшырды.


“Быйыл биринчи жолу атайын техникаларды алууга 1 млрд сом бөлүнгөн, бүгүнкү күндө олуттуу сандагы техникалар келип, кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлүүдө. Демек, тейлөө жакшы натыйжаларды жана турак жай-коммуналдык чарба тармагында сезилерлик өзгөрүүлөрдү көрсөтүшү керек”, - деди Жунушалиев.




Мэриянын берген маалыматына караганда, 20-декабрда шаардагы көчөлөрдү жана тротуарларды кардан тазалоого "Тазалык" муниципалдык ишканасынын 700 кызматкери чыкты. Ошондой эле туз сепкен, жол тазалаган, кар жүктөгөн жана башка жумуштарды аткарган жалпы 66 техника тартылган.


20-декабрда Бишкек шаарында кар калың жаап, шаар тургундары жолдор убагында тазаланбай жатканын, мындан улам жолдо тыгын пайда болгонун социалдык тармактарга жазышкан. Бишкектеги жол тыгынын көрсөткөн онлайн платформаларда тыгындын көрсөткүчү эң жогорку чекке жеткени белгилүү болду.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus