Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Казакстанда "Казахмыс" корпорациясынын шахтачылары иш таштады

Казакстандын Сатбаев шаарындагы "Казахмыс" корпорациясынын шахтачыларынын иш таштаганына үч күн болду. Алар айлык акынын көтөрүүнү жана эмгек шартын жакшыртууну талап кылууда.


Корпорациянын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Арман Алибектин айтымында, түшүндүрүү иштеринин натыйжасында айрым кендерде иш калыбына келтирилди.


Ал эми "Түштүк Жезказган" кенинин жумушчулары менен сүйлөшүүлөр уланууда. Алибек кошумчалагандай, иш таштаган жумушчуларга айлык акыны 8,5% көтөрүү сунушталды.


"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы 20-декабрда иш таштагандардын бири менен байланышты.


"Азырынча эч нерсе чечиле элек. Иш таштагандар жер алдында отурушат. Алар (иш берүүчү компания) коркутуп-үркүтүп жатат. Куугунтуктап, коркутуунун ар кандай варианттарын айтышууда", - деди өз ысымын атагысы келбеген жумушчулардын бири.




18-декабрда социалдык тармактарда жумушчулардын төрт талабы жазылган билдирүү тараган. Анда иш таштагандар маянаны эки эсе көбөйтүүнү, 13-айлык акынын толук төлөп берүүнү, иш таштаган шахтачыларды куугунтукка албоону жана жетекчи Нурахмет Нуриевдин келишин талап кылышкан.


19-декабрда Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги "Казахмыстын" жумушчуларынын иш таштоосун "эмгек мыйзамдарына" каршы келет деп билдирип, аларды жумуш ордуларына кайтууга чакырды.


Буга чейин "Азаттык" байланышкан жумушчулар нааразылык акциялары кеминде алты шахтада жүрүп жатканын билдиришкен. Алардын айтуусуна караганда, жер алдында иш таштаган 1500дөй адам бар. Ал эми Арман Алибек "Азаттыкка" нааразылык акциялары эки гана шахтада өтүп жатканын, жалпысынан 250дөй киши иш таштаганын билдирди.


Жез казуу менен алектенген "Казахмыс" корпорациясы бир катар комбинаттарга ээлик кылат. Анын карамагында бир гана жез эмес, көмүр кендери, электростанциялар да бар.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus