Расмий Ташкент Орусиянын эки жараны Бислан Расаевге жана Шамил Темирхановго издөө жарыялады. Алар Өзбекстан президентинин администрациясынын мурдагы кызматкери Комил Алламжановго кол салууга катыштыгы бар деп шектелүүдө. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун "Кавказ. Реалии" долбоору жазды.
Алламжоновдун өмүрүнө кол салуу октябрь айында, Өзбекстандагы парламенттик шайлоону утурлай болгон. Президент Шавкат Мирзиеевдин улуу кызы Саиданын жакын санаалашы деп саналган Алламжонов жабыркаган эмес. Ага кол салууга байланыштуу бир нече адам камалып, ондогон жогорку даражалуу аткаминер кызматтан алынды.
Өзбекстандагы "Взгляд" басылмасы чечен тектүү эки шектүү Өзбекстанга Кыргызстандын аймагы аркылуу өткөнүн жазды. Тактап айтканда бирөө "Достук" чек ара бекетинен, экинчиси мыйзамсыз өткөн.
Кыргызстандын чек ара кызматы азырынча бул маалыматтын чын-төгүнү тууралуу маалымат бере элек.
Буга чейин "Озодлик" радиосу Алламжоновго жасалган кол салуу боюнча иликтөөгө тоскоолдук жаратып жатат деген жүйө менен Өзбекстандын Коопсуздук кызматынын башчысы Абдусалом Азизов кызматтан кеткенин жазган.
Буга чейин эле Алламжоновго кол салууда чечен тектүүлөрдүн изи бар экени айтылып келген.
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров анын мекендештеринин Өзбекстанда болгон кол салууга тиешеси жок экенин билдирген.
40 жаштагы Алламжонов 2018-2022-жылдары ал президенттик администрацияга караштуу Маалымат жана жалпы коммуникация агенттигинин директору болуп иштеди. 2022-жылы администрациянын башчысынын коомдук пикирди изилдөөгө жана маалыматтык саясатына жооптуу орун басары болуп дайындалган. Кийин администрациянын Маалыматтык саясат департаментин жетектеп, бул кызматтан быйыл сентябрь айында кеткен. Алламжоновдун кызматтан кетиши башка ишке өтүү катары көрсөтүлгөнү менен башкаруучу үй-бүлөнүн ичиндеги ажырымдын белгиси катары мүнөздөлүүдө.