Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Садыр Жапаров Кыргызстанда футболду өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров 2024-2034-жылдарга Кыргызстанда футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүү жөнүндө жарлыкка кол койду.


Ага ылайык, бул программаны ишке ашыра турган тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик аткарылган иштер тууралуу ар бир жарым жылда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине маалымат берип турат. Ал эми министрлик футболду өнүктүрүү боюнча жасалган жумуш боюнча Президенттин администрациясына отчет берет.


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) кезектеги рейтингинде 107-орунга түшкөн (210 кураманын ичинен). 28-ноябрда жарыяланган рейтингдин көч башында Аргентина, Франция жана Испания турат. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстандын курамасы 58-орунга, Тажикстан 104-орунга илинди. Казакстан 110-орунга жазылып, дагы үч тепкичке артка кетти.


Кыргызстан футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарында Азия чөлкөмүнөн 3-раундга чыгып, Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) жана Түндүк Корея менен А тайпасында ойноп жатат.


Иран курамасы А тайпасындагы буга чейинки төрт беттешин утуп, Өзбекстан менен тең чыккан. Азыр 16 упайы менен тайпанын сап башында келатат. Экинчи орунда 13 упай менен Өзбекстан турат. Бириккен Араб Эмираттары 10 упай менен үчүнчү орунга жазылса, жети упай алган Катар төртүнчү орунда. Кыргызстан үч упай менен 5-катарда. Эки упайы бар Түндүк Корея акыркы орунда.


2026-жылы АКШ, Мексика жана Канадада өтө турган Дүйнө чемпионатына биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул жолу Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпионатына катышууга сегиз командага мүмкүнчүлүк берилген. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus