Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Президент Жапаров Курултайда өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин кайталады

Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда делегаттардын бири Асылбек Абдыкадыров “Азаттык”, "Кактус Медиа", "Политклиника" басылмаларынын өкүлдөрүнө сөз берүүнү сунуштады. Абдыкадыров аталган медиалар бийликти сындап келерин айтып, ойлорун угуп коюу туура болорун айтты.


Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев бул сунуш боюнча президент Садыр Жапаровдун пикирин сурады. Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин кайталап, аталган медиалардын өкүлдөрүнө сөз берүүнү Элдик курултайда делегаттары чечерин айтты.


“Кандай гана маселе болбосун трибунага чыгып ачык айткыла. Чапаныңарды эч ким чечип албайт, бир тал чачыңар түшпөйт. Азыркы киши туура айтты. Сөз эркиндиги бизде бар, болуп келген, мындан ары дагы болот. Мен бүгүн дагы кайталап койсом. Сөз эркиндиги менен ушак айыңды, бирөөгө жалган жалаа жаап, мазактоону, анан калп айтууну алмаштырып албаса болду. Так факт менен айта бергиле", - деди Жапаров. 




Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.


Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам боюнча ЖМКга чыккан кайсы бир маалымат боюнча арыз түшсө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги соттун чечими жок эле медианын ишин эки айга токтотуп, сайтын бөгөттөп коё алат.


Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен.


Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, эки журналист сот залынан бошотулган. Калган жети журналисттин аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.


11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылып, алар коюлган кинени четке кагышкан.


Социалдык тармактарда өзүнүн пикирин жазганы үчүн соттолуп же кылмыш иши козголуп, сот жообуна тартылгандар же тергөө абагында отургандар да бар. Коррупцияга каршы бир катар иликтөөлөрү менен таанылган “Клооп Медиа” коомдук фонду сот чечими менен жабылган. (TSh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus