Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Вашингтон Тегерандын журналистти 10 жылга соттогон чечимин айыптады

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Тегеранда “Фарда” радиосунун мурдагы кызматкери Реза Вализадени он жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмдү кескин айыптады. Вализаде Американын жана Ирандын жараны.


“Биз бул өкүмдү чечкиндүү түрдө айыптайбыз. Аны жана Ирандагы бардык саясий туткундарды токтоосуз бошотууга чакырабыз. Ирандын өкмөтү коркутуп-үркүтүү, кармоо, кыйноо, күчтөп моюнга алдыруу сыяктуу жолдор менен дайыма сөз эркиндигин басмырлап келет”,- деди Мамдепартаменттин өкүлү “Фарда” радиосуна.


Адвокат аркылуу журналисттердин колуна тийген соттун документтерине ылайык, Вализадени Тегерандын Революциялык соту “душмандын өкмөтү менен кызматташкан” деген айып таккан.


Ага ошондой эле түрмөдөгү мөөнөтү аяктагандан кийин эки жыл Тегеранда жана ага коңшулаш провинцияларда жашоого, өлкөдөн чыгууга, саясий жана коомдук уюмдарга кошулууга тыюу салынды.




Вализаде “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна караштуу “Фарда” радиосуна он жылдай иштеп, 2022-жылдын ноябрь айында кызматтан кеткен.


Ал Иранга 2024-жылдын башында туугандарына барып, 22-сентябрда кармалып, камакка алынган.


Жакындарынын айтымына караганда, ал Тегеранга барардын алдында Ирандын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен байланышкан. Алар журналистке Иранда эч кандай маселе жаралбайт деп ишендиришкен.


“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти жана башкы директору Стивен Капус да Резе Вализадени бошотууга чакырып,  өкүм адилетсиз экенин кошумчалады.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus