Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Газада абада соккулардан 15тен ашык адамдын өмүрү кыйылды

18-декабрга караган түнү Газа тилкесинин түндүгүндөгү Бейт-Лахия шаарында Израил армиясынын аба соккуларынан 10 кишинин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу жергиликтүү медиктер билдирди. Дагы алты адам анклавдын борбордук бөлүгүндөгү качкындар баш калкалаган Нусейрат лагерине жасалган соккудан набыт болгонун аймактын Саламаттык сактоо мекемеси кабарлады.


Израилдин армиясы бул чабуулдар боюнча комментарий бере элек. Буга чейинки аба соккуларын куралдуу жоочуларга каршы операция катары түшүндүрүп келген.


Ал арада Кошмо Штаттар, Египет жана Катар Газада 14 айдан бери жүрүп жаткан согушка чекит коюу максатында Израил менен ХАМАСты (бул радикал уюм АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) мунасага келтирүү боюнча жигердүү аракет көрүүдө.


Бул тууралу Рейтер агенттиги өз булактарына таянып жазды. Каирдеги сүйлөшүүлөрдөн кабары бар адамдын айтымында, жакынкы күндөрдө Газада ок атышууну токтотуу, ХАМАСтын барымтасындагы туткундарды бошотуу боюнча макулдашууга кол коюлуп калышы мүмкүн.




Маалыматка караганда, макулдашуу АКШ президенти Жо Байдендин кызматтагы мөөнөтү аяктагыча түзүлүп калышы ыктымал. Ал эмдиги жылдын январь айынын соңунда кызматын Дональд Трампка тапшырып берет.


Соңку бир жылдан бери АКШ, Катар жана Египеттин ортомчулугу менен эки тарап ортосунда сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасы жүргөн. Алардын биринен да майнап чыккан эмес. Израил Газадан аскерлерин чыгарып кетүүдөн баш тартса, ХАМАС алар чыгарылмайынча барымтадагыларды бошотууга макул болгон эмес.


Газадагы согуш 2022-жылы дал ушул "хамасчылардын" Израилге кол салуусунан башталган. Алар 1200дөй адамды өлтүрүп, 250дөй адамды барымтага алганы кабарланган.


Ошол окуядан кийин анклавда тутанган согушта 43 миңдей адамдын өмүрү кыйылганын Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирип келет.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus