Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

УКМК Бишкек шаардык сотунун судьясы жубайы менен кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаардык сотунун жазык коллегиясынын судьясы жана анын жубайы лдамчылыкка шектелип кармалганын билдирди. Атайын кызматтын 18-декабрдагы маалыматына караганда, судьянын жубайы жарандан 2 миң АКШ долларын талап кылып, бул каражатты электрондук капчык аркылуу котортуп алган.


Ал жолдошунан Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча коллегиясынын судьясы менен байланышууну, анын кароосундагы ишти акча берген кишинин пайдасына чечип берүүнү өтүнгөн.


Ишти караган судья анын суранычын аткаруудан баш тарткан.  




“Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча, КР жараны М.Г.М. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми Бишкек шаардык сотунун судьясы А.А.Б.га карата чогултулган материалдар Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясына жөнөтүлүп, алар 18-декабрда кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук беришти”, - деп жазылган маалыматта.


УКМК шектүүлөрдүн бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда караларын билдирди.


Бишкек шаардык соту, Соттор кеңеши, шектүү тарап жана алардын адвокаттары комментарий бере элек. (TAb)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus