Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Түштүк Корея: президенттиктен убактылуу четтетилген Юн Сок Ёлду камакка алуу маселеси каралууда

Түштүк Кореянын кызматтан убактылуу четтетилген президенти Юн Сок Ёл Жогорку даражалуу аткаминерлер арасындагы коррупцияны иликтеген комитетке суракка келген жок. Бул тууралуу "Рёнхап" агенттиги жазды.


Юн Сок Ёл комитетке 17-декабрда жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат ондордо бармак. Буга чейин тергөөчүлөр ага чакырууну колуна тапшырууга аракет кылышкан. Бирок президенттин коопсуздук кызматы буга жол берген эмес. Комитет башчысы Дон Ун президентти камоого ордер чыгаруу үчүн арыз менен кайрылууну караштырып жатканын билдирди.


Ал бул күнү прокуратурага да суракка чакыртылган. Юн Сок Ёл ал жакка да баруудан баш тартты. Ал аскердик абал жарыялоо менен кызматынан кыянаттык пайдаланган деп айыпталып жатат. Өзү дооматтардын баарын четке кагууда.




Күнөөсү далилденсе, ага жана айланасындагы адамдарга өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы чегерилиши мүмкүн. Учурда Юн Сок Ёлго өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.


14-декабрда Түштүк Корея парламентиндеги 300 депутаттын 200дөн көбү ага импичмент жарыялоону колдогон. Буга анын 3-декабрда күтүүсүз аскердик абал жарыялашы түрткү болду.


Эми бул маселени Конституциялык сот караш керек. Судьялар алты ай ичинде чечим кабыл алышы зарыл. Президенттин милдетин азыр өкмөт башчы Хан Дак Су аткарууда.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus