Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Дамасктын жанында адам сөөгү жапырт көмүлгөн жайлар табылды

Сирияда бийликтен кулатылган мурдагы президент Башар Асаддын режиминин учурунда 100 миңдей киши репрессияга кабылган болушу мүмкүн.


Бул тууралуу 18-декабрда Рейтер агенттигине согуш кылмыштарын иликтөө менен алектенген АКШнын өзгөчө тапшырмалар боюнча мурдагы элчиси Стивен Рапп билдирди.


Рапп бул тууралуу Дамасктын чет жакасындагы Кутайфа жана Нажхи аймактарындагы адам сөөктөрү жапырт көмүлгөн жайларга барып келгенден кийин айтты.


Баш кеңсеси АКШда жайгашкан "Өзгөчө кырдаалдар боюнча Сирия ыкчам тобу" уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Муаз Мустафа кошумчалагандай, Кутайфа деген аймакта эле миңдеген кишинин сөөгү жашырылган.




Гаагадагы дайынсыз жоголгондор боюнча эл аралык комиссия Сирияда адам сөөктөрү жапырт көмүлгөн 66 жай бар экенин маалымдаган.


Бул комиссиянын билдирүүсүнө караганда, Асад бийлик жүргүзүп турган мезгил аралыгында 157 миң киши дайынсыз жоголгон.


Кутайфа менен Нажхинин тургундарынын айтымында, бульдозерлер менен казылган аңдарга жүк ташуучу машинелер менен сөөктөрдү алып келип, ыргытып турушкан.


Спутниктен алынган кадрлардан Кутайфада мындай иштер 2012-жылдан 2022-жылга чейин уланганын көрүүгө болот.



Сирияны 25 жылдай башкарган Башар Асад 8-декабрда козголоңчу күчтөрдүн чабуулунун жыйынтыгында бийлигин таштап, өлкөдөн качууга аргасыз болгон. Орусиядан баш паанек алган Асад бийликте турган маалда адам укуктары кескин тебеленгени тууралуу дооматтарды четке кагып келген.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus