Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Сирия: Козголоңчулардын лидери эл аралык санкцияларды алууну суранды

Сириядагы Башар Асаддын бийлигин кулаткан козголоңчулардын башында турган "Хайят Тахрир аш-Шам" радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) лидери Абу Мухаммед Аль Жулани эл аралык коомчулуктан анын өлкөсүнө салынган санкцияларды алууга чакырды. Бул тууралуу ал 17-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өкүлдөрү жана британ дипломаттары менен жолугушканда айтты.


Ал ошондой эле Сириядагы баардык козголоңчул топтор таратылып, жоочулары Коргоо министрлигинин карамагына өтөрүн кошумчалады.


"Баары мыйзамга гана баш ийет",- деди ал.


Буга чейин Еврокомиссиянын башчысы Кая Каллас санкциялардын жоюлушу жана "Хайят Тахрир аш-Шам" радикал тобун "кара тизмеден" чыгаруу маселеси "жаңы жетекчиликтин сөздөрүнөн гана эмес, позитивдүү, реалдуу кадамдарынан" көз каранды экенин айткан.


Британиядан кийин Германиянын өкүлдөрү да Абу Мухаммед Аль Жулани менен баш калаа Дамаскта жолугууну көздөп жатышат. Андан мурда Франция өз делегациясын Сирияга жөнөткөн. Италиянын өкмөт башчысы Жоржа Мелони Сириянын жаңы лидерлери менен байланыш түзүүгө даярдыгын айтып, этияттык зарыл экенин кошумчалады.




42 жаштагы Абу Мухаммед Аль Жуланинин өз аты Ахмед Хусейн аль Шараа. Ал бир кезде "Аль-Каида" террордук уюмунун катарында болчу. Кийин "Ислам мамлекетинин" лидерлери менен жакын болгон. 2017-жылы Башар Асадга каршы турган оппозициячыл топтор менен бирге "Хайят Тахрир аш-Шам" уюмун негиздеген.


2013-жылы Аль-Жазира телеканалына Жулани Сирияда шарият мыйзамдары орношу керек экенин айткан.


Бирок соңку кездери эксперттер белгилегендей, Жулани жана ал башында турган топ ашынган исламчы деген түспөлдөн оолактоонун аракетин көрүүдө. Андай өзгөрүүлөргө карабай, анын тобу террордук топтор менен байланышы жана адам укуктары абалы кандай болот деген кооптонууну жаратууда.


Жулани Асадын бийлиги кулагандан кийин Сириядагы азчылыктарды, анын ичинде христиандарды, алавилерди жана башка өлкөнүн бардык элин коргоону убада кылган.




 


 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus