Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Reuters: Орусия Казакстандын уран кениндеги үлүшүн Кытайга сатууда

Орусиянын мамлекеттик "Росатом" корпорациясы Казакстандагы айрым уран кендериндеги үлүшүн кытайлык компанияларга сатууда. Бул тууралуу "Казатомпромго" таянып Рейтер агенттиги жазды.


Маалыматка караганда, "Казатомпром" 17-декабрда билдиргендей, "Росатомго" караштуу Uranium One Group компаниясы Заречное кениндеги өзүнүн 49,979 % үлүшүн SNURDC Astana Mining Company Limited ишканасына саткан. Ал кытайлык мамлекеттик China General Nuclear Power корпорациясына таандык.


Бул кендеги урандын кору 3,5 миң тоннаны түзөт. Андан тышкары Uranium One Group Кызылордо облусундагы Харасен кениндеги 30% үлүшүн China Uranium Development Company Limited компаниясына сатары күтүлүүдө. Ал жакта урандын кору 33 миң тоннаны түзөт.




"Казатомпром" бул кендердеги өз үлүшү өзгөрүүсүз каларын билдирди. Ал эми "Росатом" комментарий берген эмес. Кытай казак уранын ири сатып алуучулардын бири.


Рейтердин маалыматына караганда, Uranium One 2023-жылы Казакстанда 4831 тонна уран казып алган. Орусия уран өндүрүү боюнча дүйнөдө алтынчы орунда турат. "Росатом" Казакстанда чыгарылган кенди кошкондо 2023-жылы өндүргөн урандын көлөмү боюнча үчүнчү орунга чыкканын билдирген.


Казакстандагы 14 уран кенинин алты кенде Орусиянын мамлекеттик компаниясынын үлүшү бар эле. Буга чейин "Казатомпром" Орусияга киргизилген санкциялардан улам уранды Батышка сатуу оор болуп жатканын билдирген.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus