Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Шаардык сот төрт журналисттин иши боюнча чечимди өзгөртүүсүз калтырды

Бишкек шаардык сотунда 18-декабрда төрт журналисттин иши боюнча отурум уланып, судья адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырбай, Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.


Отурумда адвокаттар жана айыпталуучулар жарыш сөзгө чыгып, алардын күнөөсү далилденбегенин айтышты. Адвокат Нурсултан Жаныбеков ал жактап жаткан Азамат Ишенбековдун чоң энесинин абалы оор экенин, каралашар адамы жок экенин белгиледи. Ал эми адвокат Улан Сейитбеков Махабат Тажыбек кызынын жашы жете элек баласы бар экенин айтып, камактан бошотууну суранды.


Айыпталуучу Азамат Ишенбеков чоң энесине журналисттер аркылуу кайрылып, жазган ырын окуп берди. Махабат Тажыбек кызы уулуна кайрылуу жолдоп, аны эч качан таштабаганын, болгону ага эркин өнүккөн мамлекет куруп берүүгө белсенгенин айтты.


Мамлекеттик айыптоочу жактоочулардын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырууну өтүнгөн.




Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда Temirov LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду беш жылга абакка кескен.


Журналисттер Актилек Капаровго жана Айке Бейшекеевага үч жылдан пробациялык жаза берилип, эки журналист сот залынан бошотулган. Абакка кесилген жана пробациялык мөөнөт берилген төрт журналист апелляциялык арыз менен шаардык сотко даттанган.


Алар менен кошо айып тагылган калган жети журналисттин аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде акталган.


11 журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси – “Массалык башаламандыктар” менен айып тагылган.


16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ журналисттерге “Айт, айт десе” жана Temirov LIVE баракчаларындагы материалдарга байланыштуу кылмыш иши козголгонун билдирген.


Иш козголгон журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык уюмдар журналисттердин кармалышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан. (MKt/TAb)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus