Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Дин комиссиясы үй кыдырып, үгүт айтууну тыюу бардык конфессияларга тиешелүү экенин билдирди

Жогорку Кеңеште 17-декабрда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтүп жатат. Мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев долбоордогу үй кыдырып үгүт айтууга тыюу салуу сунушун алууну өтүндү.


“Муну сураныч, өтүнүч, аманат катары айтып коюшум керек. Ушуга тыюу салбастан, имамдардын көзөмөлүндө мусулмандын зыярат кылуусу токтобой эле боло берсе деген алардын чоң суранычы. Калгандары боюнча талкуу болду. Орчундуу маселеси ушул деп ойлойм”, - деди экс-муфтий.


Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов үймө-үй кыдырууну ар кандай секталар, экстремисттик топтор дагы пайдаланып жатканын, тыюу салуу сунушу бардык конфессияларга тиешелүү экенин айтты.


Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) муфтийи Абдулазиз Закиров мыйзам долбоорундагы үй кыдырып үгүт айтуу маселеси боюнча муфтияттын позициясын түшүндүрдү.


“Даабат иштери боюнча коомчулукта кызуу талкуу болуп жатат. Кудай буюрса мындан ары дагы үч күндүк, төрт ай, кырк күндүк даабат иштери уланат. Болгону ушул жерде кыдыруу маселесине келгенде беш тартип бар экен, анын ичинен жергиликтүү адамдардын үйлөрүн тыкылдатып кыдыруу маселесин эске алуу болуп жатат. Жолдо, көчөдө бул нерселер улана берет. Биздин тутунган динибизге башка тараптан сокку болуп жатат. Тактап айтканда радикал көз караштагы, тыюу салынган 19 диний уюм болсо, ошолор ушундай ыкмаларды колдонуп биздин ичибизге кирип келди”, - деди муфтий.


Жогорку Кеңеш 12-декабрдагы жыйынында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда колдогон.




Министрлер кабинети сунуштаган документте мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кошуундарында, бөлүктөрүндө жана бөлүмдөрүндө динди (диний агымдарды) жайылтууга тыюу салынары жазылган. Жарандардын диний сезимдерин мазактаган коомдук иш-чараларды, анын ичинен жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернетте тексттерди жана сүрөттөрдү жайгаштырууга болбойт.


Мыйзам долбоору кабыл алынса, китепчелерди жана баракчаларды таратуу, динди таңуулоо максатында диний багыттагы объектилерди кошпогондо, үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат. Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий түзүлүштөрдү түзүүгө, ошондой эле диний бирикмелердин саясий ишке катышуусуна жол берилбейт. Мечит, медреселер жана башка диний мекемелер сөзсүз каттоодон өтүшү керек. (TSh)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus