Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Депутат Кылычбаев органда иштеген аялдарга жоолук салууга уруксат берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеште 17-декабрда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтүп жатат. Депутат Алтынбек Кылычбаев дин ишенимине байланыштуу ички иштер органдарында иштеген кыз-келиндерге жоолук салууга уруксат берүүнү сунуштады.


“Дин эркиндиги боюнча аялзат жоолук тагынууга милдеттүү. Силерге сунуш тыюу салган токтомду жокко чыгарып, жоолук, жоолуктун үстүнөн фуражка кийсе дейм. Дин кармаган аялдар силерге ишке кире албай калып жатат”, - деди Кылычбаев.


Ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунова милиция атайын орган экенин айтып, кийим боюнча айрым чектөөлөр бар экенин билдирди.


“Ички иштер министрлиги бул атайын орган болуп эсептелет. Башкы мыйзамдарда жазылган атайын орган кызматкерлерине чектөөлөр бар деп. Ошол чектөөлөрдүн бир коюлган дресс-кодду сактап жүрүү”, - деди Бийбосунов.


Кыргызстандын Баш мыйзамында дин мамлекеттик башкарууга аралашпай турганы жазылган. Конституция ар бир жарандын дин тутуу эркиндигине кепилдик берет.




Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 30-августта Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун талкууга койгон. Коомдо бул документке байланыштуу талаш-тартыш болуп, мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Документти сөз болуп жаткан топ кайра иштеп чыкты.


Мыйзам долбоору кабыл алынса, китепчелерди жана баракчаларды таратуу, динди таңуулоо максатында диний багыттагы объекттерди кошпогондо, үйлөрдү кыдырууга тыюу салынат.


Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий түзүлүштөрдү түзүүгө, диний бирикмелердин саясий ишке катышуусуна жол берилбейт. Мечит, медреселер жана башка диний мекемелер сөзсүз каттоодон өтүшү керек. (TSh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus