Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Президент ипотекалык батирлерге 40 миң киши кезекте турганын билдирди

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда Бишкектин Скрябин көчөсүндө курулган Мамлекеттик ипотекалык компаниянын батирлерин тапшырды.


Бул тууралуу басма сөз кызматы кабарлады.


Скрябин көчөсүндө курулган турак жай жети блоктон турат. Ар бири 15 кабаттуу, жалпы 549 батир курулду. Жапаров алар социалдык багытта иштеген кызматкерлерге жана 50% үлүш кошуу шарты менен алгандарга берилгенин билдирди.


“Бул батирлер Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу кезекте турган социалдык багыттагы кызматкерлерге жана курулушка 50% үлүш кошуу шарты менен кирген мигранттарыбызга жана башка жарандарыбызга берилип жатат. Буга чейин да түшүндүрмө бердим эле, азыр да айтып коеюн, 50% өлчөмүндөгү алдын ала төлөмдөр кезекте турган кийинки жарандарга турак жай курууну тездетүүгө бир топ эле салым болот”, - деди Жапаров.


Президенттин айтымында, учурда өлкө боюнча 40 миңден ашуун жаран мамлекеттик ипотекага кезекте турат.




19-октябрда Мамлекеттик ипотекалык компаниясына таандык “Ынтымак” турак жай комплексинин курулушуна капсула салып жатып, президент Садыр Жапаров учурда өлкө боюнча жалпы аянты 2 миллион чарчы метрди түзгөн 40 миңден ашуун батирдин курулушу кызуу жүрүп жатканын айткан.


Быйыл жыл башында "Менин үйүм 2021-2026" программасынын негизинде жарандарды социалдык турак жай менен камсыздоого багытталган жарлыкка кол коюлган. Аны чечмелеп Фейсбукка пост жазган мамлекет башчы Мамлекеттик ипотекалык компания жалпы 40 райондо, 32 шаарда жана жети облустун борборунда көп кабатуу үйлөрдү кура баштарын билдирген.


Президент Жапаров мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин карамагындагы жер тилкелерин аныктап, аларды МИКке мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү тапшырмасын койгон. Март айында Мамлекеттик ипотекалык компания Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөн. (TSh)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus