Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жалал-Абадда адам өлтүрүүгө шектелип 18, 20 жаштагы жигиттер кармалды

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Сузак районунда 32 жаштагы адамды өлтүрүүгө шек саналып 18 жана 20 жаштагы жигиттер кармалганын билдирди.


Милициянын маалыматына караганда, 9-декабрда маркумдун аялы жолдошу үйүнөн чыгып кеткен бойдон дыйынсыз болуп жатканын айтып кайрылган. Арыз каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.


13-декабрда Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айылына караштуу Чарбак айылындагы таштанды таштаган жайдан белгисиз адамдын сөөгү табылган. Ал кездемеге оролуп, өрттөлгөнү аныкталган.




Сөөк таанылгыс болуп күйүп кеткендиктен, ага кароо жүргүзүү үчүн милиция маркумдун жубайына кайрылган. Ал каза болгон адам жолдошу экенин кийимдеринен тааныган. Сөөктү кароодо денесине учтуу нерсе менен алтымыштай жолу сайылып, кескиленген жаракаттары аныкталган.


Бул факты боюнча Жалал-Абад облустук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.


14-декабрда 18 (Д.Х.) жана 20 (М.А.) жаштагы жигиттер адам өлтүрүүгө шек саналып кармалып, камакка алынды. Тергөөдө шектүүлөр менен киши колдуу болгон 32 жаштагы адамдын ортосунда акчага байланыштуу пикир келишпестик болгону аныкталган. Ошондой эле бул окуяга дагы бир адамдын тиешеси бар экени маалым болгон. Тергөө иштери жүрүп жатат. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus