Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Майотт архипелагында “Шидо” бороону "миңдеген кишинин өмүрүн кыйганы" айтылды

Франциянын Инд океанындагы аймагы – Майотт архипелагында “Шидо” ураганынан жапа чеккендерге чукул жардам берилип жатат. Өзгөчө кырдаалдар министри Франсуа Дарагон Х социалдык тармагына тиешелүү буйрукту жазды. Аймактын башчысы Франсуа-Ксавье Бьевиль курмандыктардын саны бир нече жүз, атүгүл бир нече миң болушу мүмкүн деп жекшембиде билдирген. Бирок жоготуулардын жана зыяндын расмий көрсөткүчү жарыялана элек.


Франциянын метеорологиялык кызматынын маалыматында, мындай күчтүү циклон акыркы жолу 90 жыл мурда катталган.


Рейтер агенттиги жекшембиде сөзгө тарткан жергиликтүү тургандардын бири катуу шамалдан кийинки көрүнүштү өзөктүк апаат менен салыштырды.


Франциялык маалымат каражаттары жана жандармерия кокос пальмалары үйлөрдүн чатырларына урап, ооруканаларды суу каптаганын, жер-жерде турак жайларды сыныктары жатканын жазышты.


Бийликтин маалыматында ал жакта мыйзамсыз мигранттар көп болгону, алар негизинен эптеп-септеп салынган алачыктарда жашаганы айтылат.


Франциянын эл аралык радиосу (RFI) кабарлагандай, бороон алдында мектептерде убактылуу башпааналоочу жайлар ачылган. Бирок ал жактарга бир нече миң киши гана барган. Калгандары үйлөрүн таштап кетүүнү каалаган эмес.


Ылдамдыгы саатына 200 километрге жеткен катуу шамал жекшемби 15-декабрда болгон.


Франция Майотту 1843-жылы колонияга айланткан жана 1904-жылы Комор архипелагын аннексиялап алган. Калган бөлүктөрү 1974-жылы Парижден бөлүнүүнү чечкен, бирок Майотт Франциянын курамында калууну тандаган.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus