Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Нарында бычакталган келин боюнча сот жүрүп жатат

Акыйкатчы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева Нарын шаарында күйөөсү бир нече жолу бычак менен сайып жиберген келинден кабар алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Омбудсменге ал келин коопсуз жерде жашап, учурда сот иштери жүрүп жатканын билдирген:

“Башында бир гана мага эмес, менин бардык жакындарыма да абдан оор болду. Өзгөчө балдарыма кыйын болду. Алардан ар ким атасы жана мен тууралуу сурай беришти. Азыр бир аз жакшы. Акырындан өзүмө келип, кайрадан балдарым үчүн жашашым керек экенине ынандым. Учурда сот жүрүп жатат”.

Окуядан кийин кризистик борборлордун бири келиндин үй-бүлөсүнө керектүү жардам көрсөтүүдө. Акыйкатчы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева Нарынга 12-декабрда барган.

31-августта социалдык тармактарда Нарын шаарындагы соода борборлорунун биринде жайгашкан ашканадан 42 жаштагы эркек киши 41 жаштагы аялынын моюнуна бир нече жолу бычак сайып жибергени тартылган видео таркаган. Көп өтпөй моюнуна жана денесинин ар кайсы жерине бир нече жолу бычак жеген келин ооруканага жеткирилгени, ал эми бычактоого шек саналып анын күйөөсү кармалып, эки айга камалганы кабарланган.

2024-жылдын 10 айында ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,2% же 3 877 учурга көп. (TSh)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus