Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Казакстанда эгемендик күнүн утурлай Желтоксон, Жаңы-Өзөн, Январь окуяларын эскерген баракчалар пайда болду

Казакстанда эгемендик күнүн утурлай "Ойгон, Казакстан!" (Oyan, Qazaqstan!) кыймылы Алматыдагы коомдук жерлерде 1986-жылы 16-декабрда болгон трагедияны, Январь окуяларын эскерген баракчаларды чаптап жатышканы тартылган видеолорду жарыялады.


Кызыл түстөгү баракчаларга "Унутпайбыз, кечирбейбиз" деп жазылган.


"Азаттыктын" казак редакциясы жазгандай, видеолордун биринде президент Касым-Жомарт Токаевдин сүрөтү тартылган билбордго "акыйкаттыкты талап кылабыз" деген баракчаны чаптап жатышканын көрүүгө болот.


Кыймылдын сайтындагы видеодо кара кийимчен киши "Желтоксон 1986, Жаңыөзөн 2011, Қаңтар 2022" деп жазылган плакатты кармап турат.


"Азаттыктын" казак редакциясы президенттин Эгемендик күнүнө арналган куттуктоосунда ал кайгылуу үч окуя тууралуу айтылбаганын белгилешти.


1986-жылы 16-19-декабрь күндөрү Алматынын борбордук аянтына миңдеген казак жаштары чогулуп, ошол кездеги советтик Казакстандын башчысы Динмухаммед Кунаевдин ордуна мурда өлкөдө иштебеген Геннадий Колбиндин дайындалышына каршылык билдирип чыккан.


Бул акция күч менен таратылып, кийин куугунтук менен коштолгон. Желтоксон окуясында канча адам өлгөнү так белгисиз.


2011-жылы 16-декабрда Жаңы-Өзөн шаарындагы мунайчылардын бир нече айлык иш таштоосу кан төгүү менен коштолгон. Тынч митингдин катышуучуларына каршы ок атышканда, расмий маалымат боюнча, 17 киши курман болгон. Жергиликтүү тургундар каза тапкандар андан көп дешет.


2022-жылы январда кошуна өлкөдө газдын кымбатташына каршы митингдер бийликтин кызматтан кетишин талап кылган массалык акцияларга айланып, тоз-тополоң менен коштолгон.


Расмий эсеп боюнча 238 киши набыт болгон. Алардын алтоо кармалгандан кийин кыйноолордон улам көз жумган. Бир нече миң киши кармалып, жүздөгөнү ыдык көргөнүнө арызданган. Бирок мындай фактыларга байланыштуу козголгон кылмыш иштердин көбү токтотулган.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus