Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Тажикстандын Канибадам районунда эки үй-бүлөдөн төрт кишини өлтүрүп кетишти

Тажикстандын Канибадам районунда дагы бир үрөй учурган киши өлтүрүү катталды. «Азаттыктын» тажик редакциясы – «Озоди» радиосу маалымдагандай, дүйшөмбүгө караган түнү Хисорак (мурдагы Кургонча) айылында төрт кишинин сөөгү табылган.


Маалыматка караганда, эки үй-бүлөдөн төрт адам киши колдуу болду.


Редакциянын өз булагы каза болгондордун экөө күйөөсү менен аялы, экөө эне-бала экенин билдирди.


"Үч баласы жетим калды, аларга тийген эмес", - деп кошумчалады "Озодинин" ишенимдүү булагы.


Ошондой эле түнү 70 жаштагы Оиша Шокирова менен анын 44 жаштагы уулу Жавлон Шокиров да киши колдуу болгону маалымдалды.


Бирок расмий органдар бул окуя тууралуу комментарий бере элек.


Бир жума мурун ошол эде райондо жубайлар менен төрт баласынын сөөктөрү табылган.


Бир жылда Согд облусундагы Канибадам районунда бери дегенде беш үй-бүлө киши колдуу болду. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, көп учурда аларды муунтуп өлтүрүшкөн.


Алсак, 4-июнда тартип коргоо органдары эки үй-бүлөдөн бир түндө алты адам киши колдуу болгон окуяны иликтеп жатканы маалымдалган.


Окуя Санжидзор кыштагында 29-майга караган түнү болгону, бир үй-бүлө тажик улутундагылар, экинчиси жергиликтүү кыргыздар экени, чоо-жайы боюнча расмий маалымат бериле электиги кабарланган.


Жергиликтүү тургундар түнкүсүн көчөлөрдө беткапчан белгисиз адамдар жүргөнүн социалдык түйүндөргө жазган, түрдүү тайпаларда видеолор да тараган. Райондук жетекчилик маалымат каражаттарын жалган маалымат таратуу үчүн айыптаган жана ал кылмыштардын бири-бирине байланышы жоктугун буга чейин айткан.


Район жашоочулары бир нече окуядан кийин көчөлөрдө жарык орнотулганын билдиришти.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus