Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Иранда жылаң баш ырдаганы үчүн камалган кыз бошотулду

15-декабрда таң эрте иран полициясы жылаң баш ырдаган Парасту Ахмадини камактан бошотконун анын адвокаты ырастады.


Ахмади чачын коё берип, жеңи жок көйнөкчөн туруп ырдаганы тартылган видео социалдык тармактарда кызуу талкууга айланды. Эркек музыканттар тарткан видео YouTube порталына 11-декабрда жүктөлгөн.


14-декабрда полиция Ахмади “кыска мөөнөттүк сүйлөшүүдөн” кийин эле бошотулганын билдиргени менин кыздын ата-энеси "Фарда" радиосуна ал камакта экенин айтышкан.


Ырчынын адвокаты Милад Панахипур полиция ырчы бошотулганы тууралуу “жалган” айтып жатканын Х тармагына жазган.


Жекшембиде адвокат Ахмади Мазандаран провинциясында эртең мененки саат 3тө камактан бошотулганын ырастады.


Ырчы кыздын музыкалык топтогу эки шериги Сохейл Факих-Насри жана Эхсан Бейракдар кыска убакытта камалып чыкты. Ахмади Инстаграмдагы аккаунтуна кире албай калса, YouTube каналы иштеп жатат.




Иранда кыздар эл алдына чыгып, жалгыз ырдай албагандыктан Ахмадинин “кыялымдагы концерт” деп аталган видеосу YouTube каналында 1,6 миллиондон ашуун көрүлгөн.


12-декабрда иран бийлиги Ахмадиге жана анын шериктерине каршы “мыйзамсыз концерт” койгону үчүн соттук териштирүү башталганын билдирген.


Ахмади 2022-жылы өлкөнү жапырт нааразылык каптаган маалда демонстранттарды колдоп ырдаган соң элге таанылган.


Социалдык медиада “гендердик апартеидге” каршы күрөштө көрсөткөн “каармандыгы, туруктуулугу жана сүйүүсү” үчүн аны көптөр колдогон.


2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө "хижабсыз жүргөнү үчүн" деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини камакта каза болгон. Бийлик ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция кызды катуу сабаганын айтып беришкен.


Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.


Нааразылык акцияларда “Аялдар. Жашоо. Эркиндик” деген ураан жаңырган.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus