Бишкекте пакистандык беш студент отурган BMW автоунаасы жол кырсыгына кабылып, эки адам ошол жерден набыт болду. Үчөө ооруканага жеткирилген. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) маалымдагандай, окуя 15-декабрь күнү, саат 7:00 чамасында Курманжан датка көчөсүндө болгон.
“BMW” үлгүсүндөгү унаа түштүктөн түндүктү көздөй катуу ылдамдыкта бара жатып, Мадина базарынын аялдамасындагы бетон түркүктү сүзгөн. Жол кырсыгынан унаанын айдоочусу жана бир жүргүнчү ошол жерде көз жуумп, үч жүргүнчү оор жаракат алышкан. Ал эми унаа жарактан чыгып, экиге бөлүнүп калган", - деп билдирди ЖКККБнын басма сөз кызматы.
Бул факты боюнча тийиштүү материалдар чогултулуп, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Милициядан "Азаттыкка" билдиришкендей, унаанын ичинде Пакистандын жарандары - Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын 3-курсунун студенттери болгон.
Окуянын күбөлөрү соцтармактарга карагайды сүзгөн BMW унаасы бир нече бөлүккө бөлүнүп кеткенин, эки адам ошол жерде жан бергенин жазышты. Окуя болгон жерден сүрөт, видеолор жарыяланды.
ЖКККБнын маалыматына караганда, жыл башынан берки 11 айда өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Андан 640 адам каза болуп, дагы 9 миңге жакын киши жаракат алган.
Кыргызстанда 2023-жылы 6 945 жол кырсыгы болуп, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырганда 13,5% көп. 2022-жылы 7 040 жол кырсыгынан 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам жашоо менен кош айтышкан. (ZKo)