Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Түштүк Корея: парламент президентке импичмент жарыялоону колдоду

Түштүк Кореяда парламент президент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоону колдоду. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 300 депутаттын 204ү макул болуп, 85и каршы болду.



Мыйзамга ылайык, эми президент кызматынын убактылуу четтейт жана анын милдетин өкмөт башчы аткарып турат. Конституциялык сот 180 күндүн ичинде аны ыйгарым укуктарынан ажыратуу керекпи же жокпу деген маселени чечет.



Парламентте импичмент жарыялоо биринчи ирет бир апта мурун да коюлган. Ага 195 гана депутат катышып, добуш жетиштүү болбой калган. Оңчул партия бойкот жарыялап, Демократиялык партиянын өкүлдөрү добуш берүүгө катышуудан баш тартып, жыйындан чыгып кеткен. Парламентте оппозицияда 192, президенттик “Элдин күчү” партиясында 108 мандат бар.



Парламент имаратынын алдында Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоо жана камакка алуу талабы менен нааразылык акциялары өткөн жана полиция менен кагылышуулар орун алган.



Президент 3-декабрда кечинде күтүүсүз өлкөгө аскердик абал жарыялаган. Ал өз чечимин "оппозициянын мамлекетке каршы ишмердүүлүгү өкмөткө жолтоо болуп жатканы" менен түшүндүргөн.



Президенттин кайрылуусунан бир нече сааттан кийин парламенти бул жарлыкты жокко чыгарган. Юн Сок Ёл жарлыгы үчүн коомчулуктан кечирим сураган. Коргоо министри кызматтан кеткен жана көп өтпөй эле камакка алынган.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus