Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Азаттыктын" журналисти Айбек Абдылдаев "Умтулуу-2024" сынагында жеңүүчү болду

"Интерньюстун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жыл сайын уюштуруп келаткан “Умтулуу-2024” медиа сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, 13-декабрда жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Быйыл сынакка жалпы 195 жалпы материал келип түшкөн. Анын жыйынтыгында алты номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды: “Коомдук кызыкчылык”, “Тынчтык жана ынтымак”, “Балалыкты коргоо”, “Айлана-чөйрөнү коргоо”, “Маданият жана агартуу”, “Аракетчил инсан”  жана атайын номинациялары.


«Коомдук кызыкчылык» номинациясы боюнча 1-орунду журналисттер Ырысбү Кылычбек кызы, Кымбат Турдубекова «Чала блогер эмес, менин балам журналист!» деген эмгеги үчүн алды.


2-орун Эсентур Тынымсейит уулу, Хамидулло Узаков, Жанбулат Жумабековго «Уулумду наркотикке көндүрүп туруп каматып салды» деген видеосу үчүн берилди. 


3-орунга Айдай Иргебаева, Александр Александров, Зулайка Эркимбаева «Ким эмне үчүн депутаттык мандаттан ажырады?» материалы үчүн илинди.


Ар бир номинация боюнча үч орундун жеңүүчүлөрү аныкталып сыйланды. Толук тизме менен бул шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот.


Сыйлыкта атайын номинациялар да болду. «Мурас: тарыхый эс тутум, тил, маданият” темасына берилгендиги үчүн кесиптештердин тандоосу» номинациясы боюнча жеңүүчү онлайн добуш берүү аркылуу аныкталган. Баарынан көп добушту "Азаттыктын" журналисти Айбек Абдылдаев алып, "Умтулуу" сыйлыгынын ээси болду.




Айбек Абдылдаев "Азаттык" үналгысынын "Куугунтук курмандыктары" программасын даярдап келет.   


Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү сынакты 2018-жылдан бери өткөрүп келе жатат.Максаты өлкөдөгү медиа кызматкерлеринин, журналисттердин жана кесипкөй журналисттик контенттердин авторлорунун кесипкөйлүгүн алкоо, алардын аудитория алдындагы жана жалпы коом алдындагы жарандык жана кесиптик жоопкерчилигин арттыруу, ошондой эле Кыргызстандын маалымат чөйрөсүн өнүктүрүү болуп эсептелет. (MZh)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus