Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Блинкен Иракка күтүүсүздөн барды

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Жакынкы Чыгышты кыдырып жүрүп, күтүүсүздөн Иракка барды. Анын бул сапары Сириядагы кырдаалды турукташтырууга багытталган. Мамкатчы Багдадда Ирактын өкмөт башчысы Мухаммед аль-Судани менен жолукту.


Ушуну менен Блинкен чөлкөмгө былтыр Израил менен ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун ортосунда согуш тутанганы 12-жолу, ал эми Сирияда Башар Асаддын бийлиги кулатылгандан бери биринчи жолу келип жатат.


Ал буга чейин Иордания жана Түркияда болду. Иорданияда ал араб мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен чукул жыйын өткөрүп, “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы Сириядагы бийлик вакуумунан пайдаланып кетүүгө жол бербеш үчүн бардык чараларды көрүш керек экенин белгиледи.




Блинкендин сапары президент Жо Байдендин администрациясынын иши соңуна чыгайын деп калганда жүрүп жатат. Шайланган президент Дональд Трамп Байдендин Жакынкы Чыгышка карата саясатын сындап, Ирак менен Сирияда америкалык аскерлердин болушуна скептикалык көз карашын билдирип келет.


Сентябрь айында АКШ менен Ирак “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы биргелешкен аскердик операцияларды кийинки жылы соңуна чыгарууну макулдашкан. Анткен менен Асаддын бийлигинин кулатылышына байланыштуу экстремисттик топ кайра баш көтөрсө, аскерлерди чыгаруу оор болуп каларын айрым эксперттер белгилешет.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus