Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШ Сириядагы химиялык куралды жок кылууну колдойт

АКШ Башар Асаддын режиминин кулашын Сириядагы жарандык согуш учурунда миңдеген адам өлтүрүлгөн жана жарадар кылынган химиялык куралдарды жок кылуу мүмкүнчүлүгү катары карап жатат. Мындай билдирүүнү АКШнын Химиялык куралдарга тыюу салуу уюмундагы элчиси Николь Шампейн жасады.

Ал Reuters агенттигине курган маегинде АКШ уюмдун Сириядагы химиялык арсеналды жок кылуу аракетин колдоого аларын белгиледи.



"Сириядагы Асаддын режими химиялык куралды бир нече ирет колдонгон. Нерв системаларын ууландыруучу зарин химиялык куралын, хлордуу бомбаларды колдонуп, бирок бул тууралуу эч качан Химиялык куралдарды тыюу уюмуна билдирген эмес. Бул куралдарын текшерүү учурунда жок кылган эмес", – деди Шампейн.



Уюмдун башчысы Фернандо Ариас бейшембидеги атайын сессияда кеңсеси Сириядагы химиялык куралдарды жок кылуу зарылчылыгы тууралуу маалымат алганын, бирок формалдуу өтүнүчтөр али келип түшө электигин билдирди. Ал уюмга мүчө өлкөлөргө бул үчүн каржылык жана техникалык колдоо көрсөтүүнү сурап кайрылды.



Сирия Химиялык куралдарды тыюу уюмуна 2013-жылы америкалык-орусиялык келишимдин негизинде кирген жана өзүндөгү химиялык куралды жок кылууга макулдугун берген.

Бирок бир нече жолку текшерүүлөргө карабай, Сирия алигүнчө тыюу салынган куралдарга ээлик кылып келет. Уюмдун тергөөчүлөрү Сириядагы жарандык согуш учурунда Асаддын армиясы химиялык куралдарды бир нече жолу пайдаланганын аныкташкан.

Ноябрдын аягында Сирияда 20 жылдан ашуун бийликте турган Башар Асаддын режими кулап, өзү үй-бүлөсү менен Орусияга качып кеткен.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus