Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Конституциялык сот Курманбек Бакиевдин адвокатынын өтүнүчүн өндүрүшкө алды

Конституциялык соттун судьялар коллегиясы 2010-жылы бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин бир нече беренелери Конституцияга, анын беренелерине ылайык келүүсүн текшерүү өтүнүчүн өндүрүшкө кабыл алды. Бул тууралуу маалымат Конституциялык соттун сайтына жарыяланды.



Адвокат Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 243, 251, 253-256-296-412-421-беренелери Конституциянын преамбуласына, Баш мыйзамдын 1-24-59-61-100-беренелерине ылайык келүүсүн текшерүүнү өтүнгөн жана тергөө органдарынын сырттан айып коюу жана кылмыш ишин айыптоо актысы менен сотко жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуучу ченемдердин жоктугун көрсөткөн. Жактоочу бул айыпталуучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузат деп эсептейт.



Консоттун сайтында: "Арыз ээси укук колдонуу практикасынын тараптардын тең укуктуулугу принцибине ылайык келбегендигин белгилеп, бул айрым учурларда тергөө айыпталуучунун турган жери аныкталганга чейин токтотулса, ал эми кээ бир учурларда укуктук аныксыздыкты жаратуу менен тергөө сырттан уланып жаткандыгын көрсөткөн. Ошондой эле ал тараптардын тең укуктуулук жана атаандаштык принциби кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдар айыпталуучунун сырттан чыгарылган сот актыларын кайрадан каратуу жана процесстин бардык баскычтарына катышуу укугун кепилдөөсүн талап кылаарын көрсөткөн", деп жазылган.



Адвокат ошондой эле айыпталуучу апелляциялык жана кассациялык инстанцияларда даттануу жол-жоболору аяктагандан кийин келсе, ал сырттан чыгарылган өкүмдү даттануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганы - сот адилеттигин жокко чыгарарын белгилеген.



Ушундан улам жактоочу өзү талашып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну Конституциялык соттон өтүнгөн. Консот өндүрүшкө кабыл алынган кайрылууну карап, алты айдын ичинде ал боюнча акт чыгарыларын билдирди.




Быйыл 75 жашка чыккан Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. Ал Март ыңкылабынын шары менен бийликке келген. Бийликте турган маалында бир катар адамдардын өлтүрүлгөнү, үй-бүлө мүчөлөрү бийликке аралашканы коомчулукта нааразылык жаратып, элдик толкундоонун аркасында 2010-жылы, 7-апрелде бийликтен кулатылган. Ал күнү Ала-Тоо аятынына чыккан жарандарга каршы ок атылып, 80ден ашууна каза болгон, миңден ашууну жараат алган.



Бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев жана анын бир нече жакын тууганы Беларустан баш калка тапкан. Анын экинчи уулу Максим Бакиев болсо Британияда жашап келет. Беларустун журналисттери Курманбек Бакиев аты-жөнүн өзгөртүп Закир Салиев болуп алганын иликтеп чыгышкан.


Аларды Кыргызстанга экстрадиция кылуу маселеси ушул күнгө чейин чечилбей келе жатат.


Былтыр мурдагы президентти актоо аракети башталганы тууралуу талаш-талкуулар жанданган. Президент Садыр Жапаров азыркы бийликтин Бакиевдерди актоо ниети жоктугун билдирген. (ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus