Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

УКМК “Харе Кришна кыймылы" сектасынын "мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө" бөгөт коюлганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мыйзамсыз иштеп жаткан диний секталардын жана уюмдардын ишмердигине каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын аймагында "Кришна аң-сезим коому" же "Харе Кришна кыймылы" деп аталган сектанын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып, бөгөт коюлганын билдирди.


Мекеменин басма сөз кызматы 13-декабрда маалымдагандай, аталган сектанын жолдоочулары чет өлкөлүк миссионерди тартуу менен акы төлөнүүчү психологиялык курстардын атына жамынып, "жашыруун диний ырым-жырымдар активдүү колдонулган" иш-чараларды уюштуруп турушкандыгы аныкталган.



"2024-жылдын ноябрында Бишкек шаарындагы мейманканалардын биринде аталган сектанын мүчөлөрү тарабынан 300гө жакын кыргызстандык жарандын катышуусу менен конференция уюштурулган. Ага катышуу үчүн билеттер 1000сомдон 3000 сомго чейин сатылган, ошол эле учурда катышуучулардын көпчүлүгү уюштуруучулардын диний сектага катышы жана иш-чаранын диний мүнөзү тууралуу кабардар болгон эмес", деп белгилеген коопсуздук кызматы.




Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) өкүлдөрү менен чогуу сектанын ишмердиги текшерилип, жыйынтыгында мыйзамсыз диний иш-чара уюштургандарга 120 миң сом айып пул салынган.



Атайын кызмат элди псевдопсихологдордун ар кандай коммерциялык курстарына жана коуч-тренингдерине катышууда кылдат болууну эскертти. (ZKo)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus