Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча отурум дагы жылдырылды

13-декабрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук жараян дагы жылдырылып, кийинки отурум 20-декабрга белгиленин “Азаттыкка” ушул иш боюнча катышып жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.


Анын айтымында, бүгүнкү сот отурумуна эки адвокат келбей калган.


29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылып, Бишкектин Биринчи май райондук соту актаган саясатчылар жана активисттер менен жолуккан.


Жолугушууга баргандардын айрымдары бийликтин Кемпир-Абад боюнча саясатына ынанганын айтса, кээ бири тиешелүү документтер ачык болушу керектигин, дагы бирөөлөрү бийлик менен оппозициянын ортосунда мындай диалог зарылдыгын айтып чыккан.


Анын алдында оппозициялык саясатчылар Равшан Жээнбеков менен Азимбек Бекназаров президент Садыр Жапаровго жолугуп чыкканы маалым болгон.




Кемпир-Абад иши боюнча сот быйыл 6-августтан бери өтүп жатат. Буга прокуратуранын 12-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы апелляциялык арызды өзгөртүүлөр менен жаңыдан сунуштаганы себеп болгон.


Ага чейин 14-июнда Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчы жана активисттер Биринчи май райондук сотунда акталган. Эртеси, 15-июнда президент Садыр Жапаров сот чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.


Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган.


Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган.


Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. (MKt)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus