Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Өкмөт башчы 100 троллейбусту Ош шаарына берүү токтомуна кол койду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек мэриясынын карамагындагы 100 троллейбусту Ош шаарына берүү тууралуу токтомго кол койду. Өкмөт башчы 6-декабрда кол койгон документ “Эркин-Тоо” мамлекеттик гезитинин 13-декабрдагы санына жарыяланды.


Бишкек мэриясы 2024-жылдын июнь айында борбордо эл ташыган 100 троллейбусту Ош шаарына акысыз берүүнү сунуштап, тиешелүү документти Бишкек шаардык кеңешине киргизген.


Расмий маалыматка ылайык, Ошко бериле турган троллейбустар 2001-жылдан 2018-жылга чейинки мезгилде пайдаланууга берилген. Мэрия айрым троллейбустардын иштөө мөөнөтү 15 жылдан ашканын, троллейбустардын орточо эксплуатациялоо мөөнөтү 20 жылдан ашпашы керек экенин билдирген.




Бир катар көчөлөрдө каттап келген троллейбустар каттамы 4-ноябрь күнү Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) саммитине байланыштуу убактылуу токтотулганы кабарланып, кайра жанданган эмес. Мэрия муну шаардагы эки троллейбус ДЕПОсунда капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатканы менен түшүндүргөн. Маалыматка ылайык, ДЕПОлордо Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен электрбустарды кубаттоочу бекеттер орнотулууда.


Буга чейин Бишкекте күн сайын 115-125 троллейбус каттамга чыгып турчу.


Бишкек мэриясы 2025-жылдын экинчи кварталында Бишкекке 120 электробус алынып келери, ушундан улам троллейбустар Ошко берилген күндө да борбордо жүргүнчүлөрдү ташууда маселе жаралбай турганын кабарлаган.


Эко-активисттер Бишкектеги троллейбустарды электрбустарга алмаштырууга каршы чыгышкан. Алар троллейбустар экологиялык коомдук транспорт экенин айтып келишет. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus