Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Каракол жаратылыш паркы Президенттин иш башкармалыгына өттү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Каракол мамлекеттик жаратылыш паркы Президенттин иш башкармалыгына берилди.


Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 11-декабрда кол койгон. Анда мындай чечим мекемени натыйжалуу иштетүү максатында кабыл алынганы, Каракол мамлекеттик жаратылыш паркын юстиция органдарынан кайра каттоодон өткөрүү керектиги жазылган.


Ысык-Көл облусундагы Каракол мамлекеттик жаратылыш паркынын жалпы аянты 38 миң гектардан ашат. Паркта 700 түрдүү өсүмдүк катталган, бак-дарак жана бадалдардын 80 түрү бар. Парктын жерлери 2006-жылдан бери ижарага бериле башталган. 2019-жылы ижарага берилген жерлер боюнча чыр чыгып, Каракол шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгогон.


Кыргызстанда санариптик тармактагы башкы оператор саналган “Инфоком” ишканасы быйыл октябрь айында эле Президенттин иш башкармалыгына өткөн. Ал “Кызмат” деп өзгөртүлүп, өлкөдөгү калкты тейлөө жагынан бир нече функцияны аткарат. Буга чейин президенттин иш башкармалыгына Мамлекеттик ипотекалык компания да өткөн.




Президенттин иш башкармалыгынын сайтындагы маалыматта жазылгандай, ушул тапта ага Бишкектеги, Ысык-Көлдөгү, Оштогу жана Жалал-Абаддагы мамлекеттик резиденциялар, “Клиникалык оорукана” жана “Спорттук комплекс” мекемеси, “Автотранспорттук ишкана”, “Мамлекеттик имараттар департаменти”, “Кыргыздипсервис”, “Кыргыз Куршевель”, “Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы”, “Кыргызстройсервис” курулуш ишканасы, “Мамлекеттик ипотекалык компания”, “Манас” оркестри, “Кыял”, “Алтын-Көл”, “Кыргыз деңизи”, “Мурас” ишканалары, “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркы, “Учкун” басмаканасы жана башка бир типография карайт.



Мындан сырткары “Асман” экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекция”, “Санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объектилердин ишин башкаруу боюнча дирекция”, “Алтын-Балалык” ден соолукту калыбына келтирүү борбору, “Ысык-Көл Аврора санаторийи” жана “Жыргалаң” санаторийи, эки бала бакча жана башка мекемелер башкармалыкка баш ийет.


Булардын айрымдары мурдатан эле Президенттин иш башкармалыгынын карамагында болсо, кээ бирлери президенттин жарлыгы менен кийин өткөрүлгөн. (BTo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus