Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

АКШ Грузия бийлигинин дагы 20дай өкүлүнө санкция салды

Кошмо Штаттар Грузиядагы демократияга бүлүк салууга жоопкер дагы 20 адамга санкция салды. Бул тууралуу АКШ Мамдепартаменти билдирди.


“Кара тизмеге” бир катар министрлер, парламент депутаттары, тартип коргоо органдарынын жана коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү кирди. Алардын аты-жөнү азырынча белгисиз. Бул тизме дагы кеңейиши мүмкүн экени кабарланды.


"Кошмо Штаттар “Грузин кыялы” партиясынын Грузия жарандарына, анын ичинде демонстранттарга, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө, укук коргоочуларга жана оппозициячыл ишмерлерге карата улантып жаткан эч бир актоого болбой турган зомбулугун кескин айыптайт”, - деп жазылат Мамдепартамент тараткан билдирүүдө.




Грузияда жапырт нааразылык акциялары ноябрдын соңунда башталган. Анын тутанышына өкмөт башчы Ираклий Кобахидзенин Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү 2028-жылга чейин токтоткону тууралуу билдирүүсү түрткү болду. Ошондон бери демонстрациялар баш калаа Тблисиде жана башка шаарларда ар түнү уланууда. Жалпы нааразылык акцияларында 400дөй киши кармалып, алардын 30дайына кылмыш иши козголду.


Буга чейин Кошмо Штаттар Грузия менен стратегиялык өнөктөштүгүн токтотуп, "Грузин кыялы" партиясынын жүздөй өкүлүнө жана тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине санкция салган. Анда Вашингтон мындай кадамга Грузияда "чет элдик агенттер" тууралуу мыйзамдын кабыл алынышына жана ага каршы башталган демонстрацияларды күч менен таркатууга байланыштуу барган.


"Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү Дональд Трамп кызматка киришери менен эки өлкө ортосундагы алакалар оңолоруна үмүттөнүп турушат.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus