Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Назарбаевдин жеке жашоосу жана саламаттыгы тууралуу маалымат жашыруун болот

Казакстан парламенти мамлекеттик сырлар тууралуу мыйзамга киргизген өзгөртүүлөргө ылайык, мурдагы президенттердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке жашоосу менен саламаттыгы тууралуу маалыматтар жашыруун болот.


Мажлис кабыл алган документти парламенттин Жогорку палатасы Сенат жактырды. Эми ал президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.


“Казакстанда ар бир жаран жеке жашоосун каалагандай жүргүзүүгө акысы бар. Бул саламаттык көйгөйлөрүнө жана диагноздорго байланыштуу. Көп өлкөлөрдө президенттердин саламаттыгы тууралуу маалымат конфиденциалдуу болуп саналат”, - дейт депутат Айгүл Капбарова.




Азыр Казакстанда бир гана экс президент бар - ал Нурсултан Назарбаев. 2019-жылдын мартында бийликти Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенде кеңири ыйгарым укуктарын сактап калган.


2022-жылкы Январь окуяларынан кийин ал “Элбашы” макамынан, өмүр бою Коопсуздук кеңешин жетектөө укугунан ажыратылган. Ошондой эле калкка кайрылууга жана мамлекеттик мекемелерге жана бийлик өкүлдөрүнө өз демилге-сунуштарын айтууга тыюу салынган.


84 жаштагы Назарбаев 2023-жылы операция болгонун маалымат каражаттары жазышкан. Жубайы Сара экөөнүн үч кызы - Дарика, Динара жана Алия бар. 2023-жылы жарык көргөн мемуарында Асель Исабаевадан эки уулу бар экенин ачыктаган.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus