Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Талгарда өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын атасы 15 суткага камалды

Казакстандын Ички иштер министрлиги 16 жаштагы өспүрүм Шерзат Болаттын өлүмү боюнча иш жыл этегине чейин иликтенип бүтөрүн билдирди. Мекеме тараткан маалымат боюнча ушу тапта кылмышка байланыштуу 11 киши камакта отурат.


Ал арада Алматы облусунун Енбекшиказак районунун соту маркумдун атасы Каржаубай Нурымовду коомдук тартипти бузган деген негизде 15 суткага камаганы белгилүү болду. Мындай маалымат соттордун расмий Телеграм-каналына чыкты. Полициянын өкүлү "Нурымов жолду тороп, адамдарды коркуткан" деп билдирди. Ошондой эле стресске кабылган атанын саламаттыгы начарлаганын кошумчалады.


Нурымовдун адвокаттары соттун чечимине каршылыгын билдирип, апелляциялык доо арыз менен кайрылганы жатышат.


9-декабрда Талгар шаарынын четинде маркумдун агасы Нурганат Гайыпбаевдин сөөгү табылган. «Азаттыктын» казак редакциясы факт боюнча кимдир бирөөнү өз жанын кыюуга түртүү беренеси менен иш козголгонун кабарлады. Бирок жакындары анын өз жанын кыйганына ишенишпейт. Укук коргоочу Саида Таукелева Гайыпбаев Шерзаттын иши боюнча жапа чеккендердин бири болгонун, сотко даярданып жатканын айтты.


Ал эми укук коргоочу Айтбек Амангелды шаршембиде маркум асылган же аны муунтушкан деген медициналык экспертиза чыкканын кабарчыларга билдирди. Расмий органдар комментарий бере элек.


4-октябрда Талгарда Шерзат Болат ата-энеси ижарага алып иштетип жаткан дүкөндүн жанында өлтүрүлгөн. Полиция кылмышка он киши шектелип, дагы экөө күбө катары өтүп жатканын маалымдаган, бирок аты-жөнүн жарыялаган эмес. Арасында мурда соттолгон, ар кандай кылмыштар, ээнбаштык үчүн жоопко тартылгандар, кылмыштуу топтун лидери атыккан киши бар экени кабарланган.


Баланын өлүмүнө байланыштуу бир нече, анын ичинде "Ээнбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Айрым жергиликтүү жетекчилер, прокурорлор кызматтан алынган.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus