Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

HRW Кыргызстандын бийлигин адам укуктарын сыйлоого чакырды

Human Rights Watch уюму 10-декабрь - Адам укугунун эл аралык күнүнө карата билдирүү жасап, Кыргызстандын бийлигин адам укуктарын сактабаганы үчүн сынга алды.



Уюмдун билдирүүсүндө ноябрь айында кармалып, камакка алынган "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жана активдүү мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин иши сынга алынып, өлкөдө адам укуктарын коргоо күнүн майрамдоого негиз аздыгы белгиленген.





HRW уюму "Социал-демократтар" партиясынын лидери жана мүчөлөрү камакка алынганы оппозициялык партияны кысмакка алган алгачкы учур эмес экенин, буга чейин "Ата Мекен" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиясына да ушундай басым-кысымдар болгонун белгилеген.



"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров быйыл мартта тогуз жыл мурунку, "мамлекетке чыккынчылык" иши үчүн парламенттеги депутаттык мандатынан ажыраган. Бийликти сындап, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча чечимге каршылыгын билдирген 20дан ашык киши бир жарым жылдан ашуун камакта болушту", - деп жазылган билдирүүдө.



Адам укугун коргоочу уюм акыркы жылы кыргыз бийлиги бир катар журналисттерге, басылма, сайттарга да басым жасаганын, анын ичиндеTemirov Live сайтынын журналисттеринин камаккка алынганын белгилеп, иликтөөчү "Клооп Медиа" уюму сот тарабынан жабылганы, 2024-жылы Орусиянын мыйзамына "окшош" "Чет элдик өкүл тууралуу" мыйзамы кабыл алынганы да өлкөдө адам укуктары, сөз эркиндиги басмырланып жатканына далил боло аларын көрсөткөн.



"Кыргызстанда Адам укуктарын коргоо боюнча Эл аралык күн белгиленип жатканда кыргыз өкмөтү бул жаатта багытын өзгөртүп, адам укуктарынын жана эркиндиктеринин негиздерин колдоого алууга тийиш",-  деп билдирди Human Rights Watch уюму.



Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар жана адам укуктары корголгон деп эсептейт. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров жыл ичинде бир нече жолу билдирген.



Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. (ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus