Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Түштүк Кореянын экс-коргоо министри абакта өз жанын кыюуга аракеттенди

Түштүк Кореянын мурдагы коргоо министри Ким Ён Хён тергөө абагында өз жанын кыюуга аракеттенди. "Рёнхап" агенттигинин маалыматына караганда, мыйзамсыз аскердик абал киргизүү ишинин алкагында кармалган экс-министр ушу тапта атайын камерага которулду, анын «ден соолугуна эч кандай коркунуч жок».


Иликтөөнү коопсуздук маселелери боюнча тергөө тобу жүргүзүүдө. Ага чейин Ким Ён Хён аскердик абал жарыялоодогу ролу үчүн мамлекеттик чыккынчылыкка жана кутумга айыпталган. Ал элден кечирим сурап, 4-декабрда отставкага кеткен жана “жоопкерчилик жеке өзүнө жүктөлөрүн”, кол астындагылар “буйрукту гана аткарышканын” адвокаттары аркылуу айттырган.


11-декабрда полиция президент Юн Сок Ёлдун администрациясында, Полициянын улуттук агенттигинде, Сеулдун полициясында жана Улуттук ассамблеянын коопсуздук кызматында тинтүү жүргүзгөн. Бул тууралуу "Рёнхап" жазды.


3-декабрдын кечинде президент Юн Сок Ёль күтүүсүздөн аскердик абал жарыялаган. Ал өз чечимин "оппозициянын мамлекетке каршы ишмердиги өкмөткө жолтоо болуп жатканы", «Түндүк Кореянын ички тарапташтары менен күрөшүү зарылдыгы» менен түшүндүргөн.


Президенттин кайрылуусунан бир нече сааттан кийин парламент анын жарлыгын жокко чыгарган.


Жекшембиде өлкө парламенти Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоо үчүн жетиштүү добуш топтой албай калганын "Ренхап" агенттиги кабарлаган.


Парламенттеги 300 депутаттын 195и гана добуш берүүгө катышты. Мыйзам боюнча президентке импичмент жарыялоо үчүн кеминде 200 депутаттын макулдугу керек.


9-декабрда Юн Сок Ёлго өлкөдөн чыгууга тыюу салынды.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus