Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ноябрда чет өлкөдөн кыргызстандык 17 жарандын сөөгү алып келинди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) кызматкерлери 2024-жылы ноябрь айында чет өлкөлөрдө каза болгон 17 кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине жеткирүүгө көмөк көрсөттү. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды.



Андагы маалыматтарга ылайык, ТИМдин кызматкерлери чет мамлекеттердеги жыйырмадан ашуун абактарды кыдырып, андагы 119 кыргыз жараны менен жолугушту. Тактап айтканда, Тажикстандагы Нурек жана Кожент, Бириккен Абар Эмирликтериндеги (БАЭ) Дубай, Кытайдын Дунгуань, Түркиянын Стамбул, Орусиянын Ангарск, Екатеринбург, Иркутск, Нижний Тагил, Саянск шаарларында жайгашкан жыйырма бир түзөтүү мекемелерине консулдук чыгуулар уюштурулган.



Ошондой эле Индиянын, Кытайдын, Орусиянын жана Улуу Британиянын пенитенциардык тутумунун мекемелеринде кылмыш иштери боюнча кармалып турган 13 Кыргызстандын жараны менен жолугушуулар болуп өткөн.



Мекеменин басма сөз кызматы 11-декабрда кабарлагандай, консулдук кызматкерлер БАЭ, Кувейт, Орусия, Түркия, Өзбекстан жана Улуу Британиянын сотторунда Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгы үчүн 22 сот отурумуна катышты. Кыргызстандык 41 жаранды административдик жоопкерчиликтен бошотуп, алардын административдик жоопкерчилигин жеңилдетүү маселелерин иштеп чыкты. Үч кыргыз жаранынын кылмыш жазаларын жеңилдетүүгө - алардын кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулуусуна көмөк көрсөтүлгөн.



ТИМдин кийлигишүүсү менен Кыргызстандын 4 жаранынын төлөнбөгөн эмгек акысын өндүрүү маселеси оң чечилип, жыйынтыгында 2 млн 667 миң сомго жакын айлык акысы өндүрүлүп берилген.



Ошондой эле оор турмуштук шартка туш болгон 10 кыргызстандыкка БАЭ, Германия, Казакстан, Кытай жана Орусиядан мекенине кайтуусуна көмөк көрсөтүлүп, чет өлкөлөрдө каза болгон 17 кыргыз жаранынын сөөгү мекенине жеткирилди.


ТИМдин болжолдуу маалыматы боюнча чет өлкөлөрдө 605 миңдин тегерегиндеги Кыргызстандын жараны жүрөт, алардын басымдуу бөлүгү Орусияда. Ал эми орус тараптын расмий маалыматына караганда, 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата 334 миңге жакын кыргызстандык жаран миграциялык каттоого турган.


Расмий маалыматтарга ылайык, быйылкы жылдын 1-ноябрына карата маалымат боюнча азыр Кыргызстандын 1661 жараны чет өлкөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын 1370и Орусияда.(ZKo)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus