Ооганстандын “Талибан” жетектеген өкмөтүндөгү Качкындар маселелери боюнча министри Халил Хаккани Кабулдагы жардыруу маалында каза тапты. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун ооган кызматына бийликтеги эки булак билдирди.
Алардын маалыматы боюнча, министрликтин комплексинде болгон жардыруудан дагы бир нече киши набыт болду. Бирок так маалымат айтылган жок.
Маркум Халил Хаккани - талибдердин ички иштер министри Сиражуддин Хакканинин аталаш агасы.
Ал “Талибан” Ооганстандагы бийликке кайтып келген талибдердин 2021-жылдын августунан бери киши колдуу болуп өлгөн биринчи жогорку өкүлү.
АКШ Халил Хакканини 2011-жылы 9-февралда террорчулардын глобалдык "кара тизмесине" киргизген жана аны кармоого жардамдашкан маалымат үчүн 5 миллион доллар убада кылган.