Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Сириядагы абалга көз салып жатканын билдирип, кыргызстандыктарды кырдаал турукташканга чейин бул өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. Сирияда канча кыргыз жараны жүргөнү тууралуу так маалымат жок.
Жекшембиде Сириянын өкмөттүк армиясына каршы күрөшүп жаткан козголоңчулардын башчылары Асаддын режими кулаганын, саясий туткундар бошотулганын жарыялашкан.
Сириянын президенти Башар Асад Орусияга чыгып кетип, Кремль ага саясий башкалка берди. Орус бийлиги Башар Асадды Сириянын мурдагы президенти деп атап жатат. Москва ал оппозиция менен бийликти өткөрүп берүү жөнүндө макулдашканын билдирген. Бирок Башар Асад өзү режими кулаганына байланыштуу комментарий же билдирүү жасай элек.
АКШ жана дагы бир нече өлкө террордук деп тааныган “Хайят Тахрир аш-Шам” деген суннилердин ашынган исламчыл тобу жетектеген козголоңчулар соңку бир нече күн ичинде Алеппо баштаган бир катар шаарларды өз карамагына алууга жетишкен.
Топтун башчысы Абу Мухаммед ал-Жулани Сириядагы азчылыктар басмырланбайт деп билдирди. Бирок согушкерлердин “Ал-Кайида” террордук уюму менен байланыштары, адам укуктарын ыктымал бузуусу тынчсыздануу жаратууда.
“Хайят Тахрир аш-Шамдан” тышкары козголоңчулардын катарында Түркия колдогон кошуундар да бар. Алар өздөрүн Сириянын улуттук армиясы деп аташат.
Сириядагы согуш 12 жылга созулду. Асад режимин Орусиядан тышкары Иран жана АКШда террордук деп таанылган “Хезболла” уюму колдойт. Көтөрүлүшчүлөргө Түркия жана АКШ жардам берип келген.
Эл аралык коомчулук Сириядагы күчтөрдү стабилдүүлүккө чакырууда.
Зарыл болгон учурда Кыргызстандын жарандары консультация же жардам алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылса болот:
Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги: +965 517 021 80;
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: +90 545 689 68 00.