Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Райондук сот саясатчы Канатбек Исаевди тил кат менен абактан бошотту

Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канатбек Исаевдин бөгөт чарасын 6-декабрда карап, аны башка жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде абактан бошотту. Бул тууралуу "Азаттыкка" саясатчынын адвокаты Бакыт Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, жактоочу Исаевди абактан бошотуу боюнча сотко өтүнүч келтирген.


Октябрь райондук соту мындай чечим тууралуу маалымат бере элек.


2-декабрда райондук сот Исаевдин абактагы мөөнөтүн келерки жылдын 27-январына чейин узарткан эле.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Канатбек Исаевди 20-ноябрда кармап, Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен айып таккан. Ал коюлган айыпка макул эмес экенин билдирип, кылмыш ишин саясат менен байланыштырды.


УКМК козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат бере элек.


Октябрь райондук соту саясатчынын бөгөт чарасын 22-ноябрда карап, 4-декабрга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камакка алган.




Канатбек Исаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу айыпталган саясатчы жана активисттер менен чогуу 2022-жылы 23-октябрда камакка алынган. Райондук сот ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.


Бишкектин Биринчи май райондук соту 2023-жылдын 11-январында саясатчынын бөгөт чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарган.


УКМК 2017-жылы Канатбек Исаевди “мамлекетте төңкөрүш уюштурууга аракет кылган” деген шек менен кармаган. Ушул иштин алкагында ал УКМКнын тергөө абагында дээрлик бир жыл отуруп, 2018-жылдын 18-июлунда Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыккан.


Ал мурдагы чакырылыштарда парламентте депутат болгон,  2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин 13-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. 4-ноябрга чейин спикер болуп иштеп, президенттик шайлоого талапкерлигин койгону үчүн кызматтан кеткен. (TAb)

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus