Добавить новость


World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Депутаттар Орусиядагы элчиликте мигранттар маселесин талкуулады

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов баштаган мүчөлөрү 4-декабрда Орусиядагы Кыргызстандын тийиштүү органдары менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.


Жыйында миграциялык саясатты каттаалдаштырган мыйзамдар топтому, кыргыз жарандарынын укуктары боюнча талкуулашты.


Быйыл Москвада "Крокус Сити Холлдо" кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталган. Бул окуядан кийин Орусияда мигранттарга мамиле катаалдашып, келгиндердин укугун чектеген бир катар мыйзам долбоорлору сунушталган. 




Соңку учурларда кыргызстандыктардын Орусиянын аймагына киришине тоскоолдуктар болуп, текшерүү күч алууда. Москвага учуп барган кыргызстандыктардын ичинен ондогон жарандар түрдүү себептер менен Орусияга киргизилбей, артка кайтарылган.


Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) мындан улам Орусиянын элчилиги менен сүйлөшүү жүргүзүп, кырдаалга тынчсыздануусун билдирген учурлар бар.


ТИМдин маалыматында, 2024-жылдын биринчи жарымында Орусияда 334 миңге жакын кыргызстандык мигрант бар экени аныкталган. (TSh)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus