Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Пашинян Армения ЖККУга кайтпай турганын айтты

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян 4-декабрда парламентте жасаган билдирүүсүндө Ереван Жаматтык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) кайтышы мүмкүн болбой калганын билдирди.


Мунун алдында Орусиянын президенти Владимир Путин ЖККУ 2020-жылы Армения менен Азербайжандын ортосунда талаштуу Тоолуу Карабак жикчил түзүмүнүн айынан болгон согушка кийлигише алмак эместигин, анткени ал Армениянын аймагында болбогонун билдирген.


"Орусиянын президентин сыйлоо менен бирдикте бул билдирүү ЖККУда фундаменталдык көйгөйлөр бар экенин билдирет",-деди Пашинян.


Ал Армения Орусия башында турган бул уюмдун ишмердүүлүгүнө катышууну токтотуп койгонун тактады.


"Биз өзүбүздү ЖККУга тиешебиз жок деп эсептейбиз. Кандай каалашса өзүлөрү чечишсин. Биз алардын ишине кийлигишпейбиз жана бизде вето коюуга кандайдыр бир де-юре укугубуз бар деп билдирбейбиз. Бардык кесиптештерибизди сыйлайбыз",-деди армян өкмөт башчысы.


Армения Азербайжан 2022-жылы бир күндүк "антитеррордук операциянын" маалында талаштуу Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына кайтарган. Расмий Ереван ЖККУну уюмга мүчө мамлекетке жардамга келбегени үчүн сынга алган. Армян бийлиги ошондой эле аймактагы орус бейпилдик күчтөрүн эч кандай аракет көрбөгөнү үчүн айыптаган.


2024-жылдын башында Пашинян Ереван ЖККУнун ишмердүүлүгүнө катышууну токтоторун билдирген. 28-ноябрда Казакстанда өткөн уюмдун жыйынына Армения катышкан жок. Андан мурда дагы бир катар биргелешкен аскердик машыгууларга барган эмес. Анткен менен расмий түрдө уюмдан чыга элек.


Бул уюмга Армениядан тышкары Казакстан, Кыргызстан, Беларус, Орусия жана Тажикстан мүчө.


ЖККУнун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов Армениянын бар-жогу альянстын жалпы натыйжалуулугуна таасир тийгизбестигин билдирди.


Ал эми 4-декабрда жасаган билдирүүсүндө Армения формалдуу өнөктөш бойдон каларын жана уюмдун Еревандын алдындагы милдеттенмелери өзгөрүүсүз каларын билдирди.


Тасмагамбетов ошондой эле Армения толук катышуусун качан болбосун кайра жанданта аларын, буга башка мүчө мамлекеттер каршы эместигин кошумчалады.




 


 


 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus