Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Өзбекстанда аткаминерлерди жапырт кармоо уланууда

Өзбекстанда жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрүнүн арасында жапырт камоолор уланууда. Соңку күндөрү Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары Дониер Ташхожаев жана Президенттин коопсуздук кызматынын бөлүм жетекчиси Шухрат Расулов кармалды. Коопсуздук кызматынын ондогон мүчөлөрү иштен алынды.


Маалыматка караганда, полковник Ташхожаев ишкер Жавлон Юнусовдун кылмыштарын жашырууга айыпталып жатат. Юнусов опузалоо жана коркутуп-үркүтүү аркылуу белгилүү ташкенттик ишкерлердин мүлктөрүн тартып алып турганы кабарланууда. Ал эми Ташхожаев анын бул кылмыштарын жашырып турган.


Өз кезегинде Юнусов президенттин администрациясынын мурдагы кызматкери Комил Алламжоновдун өмүрүнө кол салууга катышы бар деп айыпталып жатканы маалым болгон.


Ташхожаев 3-декабрда камалганын "Озодлик" радиосунун булактары ырастаган.


"Ташхожаев Отабек Умаровдун (президент Шавкат Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы) көңүлүн тапканы үчүн ар кандай жогору кызматтарга дайындалып келген. Ал бир гана Ички иштер министрлигин тескебестен, Ташкенттеги "таасирдүү кеңсенин" мыйзамсыз ишмердүүлүгүн жаап-жашырып турган. Кылмыштуу топторго каршы жүргүзүлгөн кеңири операцияны жетектеген. Умаровдун көрсөтмөсү менен белгилүү кримавторитет Салим Абдувалиевди (Салимбай байбача) түрмөгө отургузган. Муну менен алар "көчө көзөмөлүн" "Алтын Равшанга" өткөрүп берүүнү көздөшкөн",- деди "Озодликтин" булагы.




"Алтын Равшан" деген лакап ат менен белгилүү Равшан Мухиддинов өзбек кримавторитети Гафур Рахимовдун жээни. Равшан соңку кездери ири спорттук иш-чараларда Отабек Умаровду коштоп жүрчү.


Башкы прокуратура Ташхожаев менен Расуловдун камалышы тууралуу азырынча үн ката элек. Ташкентте жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрүнүн арасында камоолор жана иштен алуулар Маалыматтык саясат департаментинин мурдагы жетекчиси, президенттин улуу кызынын өнөктөшү деп айтылып жаткан Комил Алламжоновго кол салуу аракетинен кийин башталды. Кол салуу 26-октябрда Ташкентте болгон.


"Озодлик" радиосунун булактары билдиргендей, президенттин бул чечими Министрлер кабинетинин чукул жыйынында кабыл алынган.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus