Добавить новость
World News


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Иран: Нобел сыйлыгынын лауреаты Мохаммади түрмөдөн убактылуу бошотулду

Иранда түрмөдө отурган Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Наргиз Мохаммади чукул медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үч жумага убактылуу камактан бошотулду. Бул тууралуу анын адвокаты 4-декабрда билдирди.


"Cоттук медэксперттин бүтүмүнөн кийин Тегеран прокуратурасы Наргиз Мохаммади айымга жазасын өтөөнү үч жумага жылдырып, ал түрмөдөн бошотулду. Буга анын 21 күн мурун жасалган операциянын жыйынтыгында залалдуу шишикти жана чириген сөөгүн алдыргандан кийинки абалы себеп болду", - деп жазды адвокат Мустафа Нили X социалдык түйүнүнө.


"Фарда" радиосунун булактары 52 жаштагы Мохаммади бошотулганын ырасташты. Мохаммади ондогон жылдар бою Иранда адам укуктарын коргоо үчүн жан үрөп келген. Соңку 20 жылдан бери ал түрмөдө отурат. 2021-жылдын март айынан бери ал беш жолу соттолуп, учурда Ислам Республикасына каршы "пропаганданы жайылтканы үчүн" 12 жылдык жазасын өтөп жатат.


"Мен ушунча азап тартканыма карабастан, биздин аракеттер дароо болбосо да өз жемишин берет деген үмүтүмдү үзө элекмин жана буга ишенем", - дейт Наргиз Мохаммади.




Ноябрь айында күйөөсү Таги Рахмани аялы эки ай кыйналгандан кийин Тегеран ооруканасына которулганын билдирген.


"Анын оң бутуна операция жасалды. Ал түрмөдө отуруп-тура албай, кыймылдай албай калган. Түрмөдөгүлөрдүн айрымдары анын бошотулушун талап кылып ачкачылык жарыялап жиберишти", - деген Рахмани "Фарда" радиосуна.


Наргиз 2010-жылдан бери түрмөдөн чыкпаганына карабастан, жабык жайлардагы шарттар, ал жактагы аялдар дуушар болгон кыйынчылыктар тууралуу коомго маалымат жеткиргенге аракет кылып келет.


Ал Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты болуп 2023-жылы табылган. Сыйлыкты Ослодо өспүрүм балдары алган. 




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus